Бүгүн, 4-сентябрда Непалдагы куткаруучулар Тришули дарыясындагы гидроэлектр станциясынын туннелинен эки жумушчуну аман алып чыгышты. Алар туннелде тогуз күн бою камалып калышкан. Бул жөнүндө маалыматтарды чет элдик басылмалар жазышууда.
Непал бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, ошол эле туннелде дагы 39 адам болушу мүмкүн.
Куткарылган эки адам тең кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркашкан. Бирөөнүн абалы туруктуу болсо, бири ооруканага жаткырылган.