Бүгүн, 5-сентябрда Кырчында ордо оюну боюнча мелдештер уланууда.
Оюндун башкы калысы Меңдибек Исмаилов мелдешке жалпы 13 мамлекеттин командалары катышып жатканын билдирди. Башкы калыс бул оюнга чет элдиктердин кызыгуусу артып жатканын белгиледи.
"Солимандан атайын эки өкүл келип, ордону үйрөнүп жатышат. Алар өлкөсүндө команда түзүп, келерки Көчмөндөргө катышууну көздөөдө. Мелдеш 4 күндөн бери уланууда", - деди ал.
Ошондой эле Исмаилов оюнга 15 адам калыстык кылып жатканын кошумчалады. Оюндун финалдык туру бүгүн, 5-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.