Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жер улак боюнча Кыргызстан менен Казакстандын финалдык беттешин көрүү үчүн эл топтолууда.
Оюн саат 10:00дө башталат. Стадион 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Эки курама Көчмөндөр оюндарынын алкагында беттеш өткөрөт.