АКШнын Майами шаарындагы эл аралык аэропортто Boeing 767-300 жүк ташуучу учагы конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, унаалар токтотулган жайда кырсыктап, өрт чыкты.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, кеминде 5 адам каза болуп, дагы бир нече адам жабыркаган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени айтылды.
Кырсыкка кабылган учак Amazon Air үчүн каттам аткарып жаткан 21 Air авиакомпаниясына таандык. Ал Пуэрто-Рикодон Майамиге учуп келген.
Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.