Биз социалдык тармакта

Айга чейин ээледиби? Трамп күтүүсүз билдирүү жасады

АКШ президенти Дональд Трамп Ай Америкага таандык экенин айтты. Ал бул тууралуу кечээ, 6-сентябрда Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Айдын сүрөтүн жарыялап, ага "Ай биздики" деген жазуу жана АКШнын желегин кошкон.

Маалыматка караганда, Трамп 2025-жылдын аягында АКШнын космостук программасынын артыкчылыктары камтылган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, АКШ 2028-жылга чейин Айга миссия жөнөтүп, 2030-жылга чейин ал жерде туруктуу база курууну баштоону пландап жатат.

NASA "Артемида" программасынын алкагында Айга адамды кайра жеткирүүнү көздөйт. Эске салсак, 2026-жылдын 1-апрелинде "Артемида-2" миссиясы учурулуп, астронавттар Orion кемеси менен Айды айланып, Жерге кайтып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан