Бишкекте батирлерди оңдоп-түзөп берем деп жарандарды алдап, акча алып жүргөн 1997-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалды.
Биринчи Май РИИБ билдиргендей, бул боюнча 10дон ашык жаран арызданып кайрылган. Алардын бири шектүүгө батирин оңдотуу үчүн 220 миң 800 сом берген. Бирок ал ишти аткарбастан, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. Учурда келтирилген жалпы зыяндын көлөмү такталууда.