Наманган шаарында Кыргызстанга арналган өзгөчө чоң тандыр самсылар даярдалды. Анын жасалышы тартылган видео 5-сентябрда социалдык тармактарга жарыяланган.
Видеодон ашпоздордун чоң көлөмдөгү самсыларды тандырда бышырып жатышканын көрүүгө болот. Алар видеонун алдына "Qardosh Qirg’iziston uchun maxsus (Атайын боордош Кыргызстан үчүн)" деген жазууну кошушкан.
Белгилей кетсек, Наманган Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш аймактарынын бири болуп саналат.