Кечээ, 6-сентябрда Бишкек шаарына Германиянын "Lernidee Erlebnisreisen GmbH" компаниясына таандык, Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн эл аралык туристтик поезд келди.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдагандай, конокторго элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз элинин салт-санаасы менен жакындан таанышты. Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер борбор калаа боюнча экскурсияга жөнөштү.
Поезддин курамындагы 11 вагон менен 70тен ашуун турист келди.