
Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү санитардык тазалоо иштерине байланыштуу бир катар соода жана тейлөө борборлору жабылат.
Мэриядан маалымдашкандай, бул күндөрү тамактануучу жайлар жана азык-түлүк дүкөндөрү иштей берет.
"Өзүңүздөргө керектүү буюм-тайымдарды ушул күндөргө чейин алдын ала сатып алууну унутпаңыздар",- деп айтылат маалыматта.