Биз социалдык тармакта

Meta Көчмөндөр оюндарынын ачылышына баа берди

Meta компаниясынын Instagram'дагы расмий аккаунту Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине реакция кылды.

Компания британиялык саякатчы блогер Сальма Масрур жарыялаган видеонун алдына комментарий калтырган. Анда "Оюндардын башталышына укмуштуудай старт берилген" деп жазылды.

Блогердин видеосунда "Бишкек Аренадагы" масштабдуу шоу жана Көчмөндөр оюндарына катышкан өлкөлөрдүн делегацияларынын парады көрсөтүлгөн. Аны 1,2 миңден ашуун адам "жактырган".

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүп, ага 104 өлкөнүн спортчулары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан