Кечээ, 6-сентябрда Кабардино-Балкариянын Безенги капчыгайындагы Мижирги тоосунда кар көчкү жүрүп, альпинисттер тобун басып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Кырсык альпинисттер мөңгү аймагындагы маршрут менен өтүп жаткан учурда катталган. Жалпы топ 33 альпинисттен туруп, алардын ичинен 15 адам кар көчкү түшкөн аймакта калган. Баштапкы маалыматта эки адам каза болуп, үчөө жаракат алганы, дагы 10 адам кар алдында калганы айтылган. Жабыркаган альпинисттер Ми-8 тик учагы менен Нальчик шаарына жеткирилген.
Бүгүн, 7-сентябрдагы акыркы маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 11 адамга жетти, ал эми 6 альпинист ооруканага жаткырылды.
Окуя болгон жерде куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүүдө.