Эртең, 8-сентябрдан тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери кошумча маалымдалат.