Биз социалдык тармакта

Жылнаама: Англиянын тарыхын өзгөрткөн ханыша дүйнөгө келген

Англиянын тарыхындагы эң таасирдүү монархтардын бири Елизавета I 1533-жылдын 7-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Ал 1558-жылы такка отуруп, Англия менен Ирландияны 44 жыл башкарган.

Елизавета Iдин башкаруу мезгили тарыхта "Елизаветанын доору" деп аталып, өлкөнүн саясий жана маданий жактан күчөгөн мезгили катары белгилүү. Ал Тюдорлор династиясынын Англиядагы акыркы монархы болгон.

Кызыгы, Елизавета I турмушка чыккан эмес. Ошондуктан ал тарыхта "Кыз ханыша" (The Virgin Queen) деген ат менен да белгилүү. Ал 1603-жылы 24-мартта 69 жашында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан