Күз эми гана келди, бирок Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда cоциалдык тармактарда видео тарады.
Белгилей кетсек, Ак-Сай өрөөнү деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан жана Кыргызстандын эң суук аймактарынын бири болуп саналат.