"Бишкек Арена" стадиону 386 миллион долларга курулуп бүттү. Мурда айтылган "60 миллион долларга курулду" деген сөз туура эмес. Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасынан бөлүштү.
Маалыматка караганда, баштапкы долбоордо 30-35 миң адамга ылайыкташкан жөнөкөй стадион куруу пландалган.
"Бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” деп тапшырма берген. Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек. Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон",- деп билдирди Алагөзов.
Стадиондун жалпы курулуш аянты 194 248 чарчы метрди, ал эми көрүүчүлөр үчүн орундардын саны 51 252ни түзөт. Анын ичинде 48 дүкөн, 1 супермаркет, 23 ресторан, 11 кафе, 4 кинотеатр залы, спорт зал, балдар ойноочу аянтча бар.
Маалыматта стадионду чоңойтуунун дагы бир себеби катары ФИФАнын талаптары айтылат. Дүйнөлүк деңгээлдеги ири мелдештерди өткөрө турган стадион 50 миңден кем эмес көрүүчүгө ылайык болушу керектиги белгиленген. Ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү ири стадиондордун курулушу миллиарддаган долларга жетери мисал катары келтирилген.