Күндөгү бир нече плазма бөлүкчөлөрүнүн массалык чыгарылышынын натыйжасында 8-9-сентябрда Жерде күчтүү магниттик бороон болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Күндөгү активдүүлүк акыркы күндөрү күчөп, дээрлик бардык жарылуулардан кийин космоско ири плазма булуттары чыккан.
Адистердин эсептөөлөрү боюнча, магниттик бороондун эң күчтүү учуру 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү болот. Бул учурда күн шамалынын ылдамдыгы секундуна болжол менен 700 чакырымга жетиши мүмкүн.