Биз социалдык тармакта

Канадалык профессор Трамптын "Ай биздики" деген сөзүнө жооп берди

Кечээ, 7-сентябрда канадалык профессор Филип Стук АКШнын Айга менчик укугу жок экенин айтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдады.

Анын билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын Ай тууралуу айткан сөзүнөн кийин коомчулуктун көңүлүн бурган.

"Алар Айга космостук аппарат жөнөткөн биринчи мамлекет эмес. Бул жетишкендиктерге ээ болгон мамлекет мындай дооматтарды койбойт",- деп белгиледи профессор.

Буга чейин, 6-сентябрда Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Айдын АКШнын желеги түшүрүлгөн сүрөтүн жарыялап, "Ай биздики" (The Moon is ours) деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан