12-13-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча "2026 VISA Asia Triathlon Cup Cholpon-Ata" эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу 8-сентябрда Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” эс алуу борборунун аймагында уюштурулат.
Азия Кубогуна 17 өлкөдөн келген 100дөн ашуун спортчу катышып, триатлондун үч багыты - сүзүү, веложарыш жана чуркоо боюнча күч сынашат.
Кыргызстандын намысын эл аралык мелдеште төмөнкү спортчулар коргошот:
- Абдрахимов Темирлан;
- Саламатов Адамхан;
- Майрамбеков Данай;
- Кокина Татьяна;
- Блиндул Ангелина;
- Крамаренко Анна.