Биз социалдык тармакта

Финляндия Орусия менен чек арадагы 200 чакырымдык тосмону куруп бүттү

Финляндия Орусия менен чек арасында 200 чакырымдык тосмонун курулушун аяктады.

"Шенген аймагынын мүчөсү катары Финляндия тышкы чек араларынын коопсуздугу үчүн өз үлүшүн алат. Тосмо жөн гана символикалык курулуш эмес, Финляндиянын чек ара коопсуздугунун зарыл бөлүгү",- деп келтирет Yle маалымат каражаты өлкөнүн ички иштер министри Мари Рантанендин сөзүн.

Рантанендин айтымында, чыгыш чек арадагы тосмо зарыл, анткени Европадагы коопсуздук абалы бир топ өзгөргөн. Ал Орусия менен чек арада тосмонун кошумча бөлүктөрүн куруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Айта кетсек, тосмонун курулушу 2023-жылдын март айында башталган. Жалпысынан 4,4 метр бийиктиктеги 200 чакырымдык тосмо, техникалык байкоо системдери жана жол тармагы курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан