Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев чек арадагы жерлерге баруу жөнөкөйлөштүрүлүп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чек арага жакын жайгашкан жерлерди көрүүнү каалаган туристтер үчүн виза алуу режимин жөнөкөйлүштүрүү каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда виза берүүнү караштыруу үчүн УКМКдан 1сутка 2 саат, Чек ара кызматынан 1 сутка 20 саат убакыт талап кылынат. Мындан улам депутат өкмөт башчыга кат жолдогонун белгилеп, кайра жооп алганын айтты.

Эми Tunduk Travel тиркемеси аркылуу уруксат берилет. Адамдар тиркеме аркылуу арыз берет, документтерин жүктөй алат. Tunduk Travel сентябрь айынын ортосуна ишке киргизилип калышы мүмкүн. Депутат чек арага жакын жерлер катары Ат-Башыдагы Кел-Сууну мисал келтирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан