Биз социалдык тармакта

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда 600дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн режимде иштеди

Бүгүн, 8-сентябрда энергетика министри Алтынбек Рысбеков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма өз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде 600дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн режимде иштеп, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылышты.
"Мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү энергетика тармагы үчүн маанилүү кесиптик тажрыйба болду. Алдыбызга коюлган милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирем",- деп белгиледи министр.
Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтө турган 11-12-сентябрда Талас облусунда энергетикалык инфраструктура объекттеринин сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында тармактык уюмдардын жетекчилерине бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүү жана пландаштырылган оңдоо, реконструкциялоо иштерин өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан