Бүгүн, 8-сентябрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда төрт эм менен кош бойлуу болгон аял үч наристесин жарык дүйнөгө алып келди.
Маалымдалгандай, кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Аял адистердин көзөмөлүндө болуп, кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болгон. Жыйынтыгында кесарево жолу менен операция жасалып, үч наристе - эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди.
Операцияны профессор Арсен Аскеров жүргүздү. Учурда эне жана балдардын абалы туруктуу.