Бишкекте кымыз ичкенин айтып жоопкерчиликтен качууга аракет кылган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу 8-сентябрда Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, наркологиялык экспертиза анын мас абалында болгонун тастыктады.
Натыйжада айдоочу 2 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылып, 80 миң сом айып пул салынды. Ал эми унаасы айып короого киргизилди.