Биз социалдык тармакта

Жыргалбек Медетканов курулуш министринин орун басары болуп дайындалды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп Жыргалбек Медетканов дайындалды.
Министрлик бүгүн, 8-сентябрда билдиргендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген. Анын курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси болуп башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басарынын кызматын Талантбек Иманакун уулу аркалап келген. Тиешелүү чечимге ылайык, ал аталган кызматтан бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан