Биз социалдык тармакта

АКШ Венесуэланын алтын байлыгына көз артуудабы? 

Кечээ, 8-сентябрда АКШ бийлиги Венесуэланын мунайдан тышкары башка жаратылыш ресурстарына, анын ичинде алтын жана маанилүү минералдарга жетүүгө аракет кылып жатканы маалым болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышты.

Маалыматка ылайык, Вашингтон Венесуэланын тоо-кен тармагына америкалык инвестицияларды тартууга кызыкдар. АКШнын расмий өкүлдөрү буга чейин бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн кен байлыктарына инвестиция салууга кызыкдар компанияларды аныктоону талкуулашкан.

Мындан тышкары, АКШнын Каржы министрлиги март айында Венесуэланын алтыны жана башка пайдалуу кендери менен байланышкан айрым келишимдерге уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан