Биз социалдык тармакта

Нальчикте 100 миллион рубль сарпталып өткөн той кызуу талкууда  (видео)

Кечээ, 8-сентябрда Нальчик шаарында өткөн мурдагы Кабардин-Балкария башчысы, миллиардер Арсен Каноковдун уулу Альберттин үлпөт тою тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады. Салтанатка 620 конок катышып, анын чыгымы 100 миллион рублдан ашканы айтылууда.

Маалыматка ылайык, той Нальчиктеги аянты 2 миң чарчы метрге жакын Ridada резиденциясында өткөн. Иш-чара үчүн кошумча чатыр тигилип, жасалгалоого болжол менен 50 миллион рубль жумшалган.

Тойдо Navai, Анна Асти жана Магамет Дзыбов сыяктуу белгилүү ырчылар өнөр көрсөтүшкөн. Артисттердин гонорарына 20 миллион рублдан ашык каражат кеткендиги айтылууда.

Мындан тышкары, конокторго кымбат баалуу белектер тартууланып, кеченин соңунда салют уюштурулган.

100 млн рублдук той: Нальчикте миллиардердин уулу үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан