Биз социалдык тармакта

Бүгүн Эл аралык сулуулук күнү: Бул майрам качан пайда болгон?

Бүгүн, 9-сентябрда дүйнө жүзүндө Эл аралык сулуулук күнү белгиленет. Бул күндү белгилөө демилгеси сулуулук жана косметология тармагындагы адистерди бириктирген CIDESCO - Эл аралык эстетика жана косметология комитетине таандык.

1995-жылы Дүйнөлүк конгрессте 9-сентябрды Дүйнөлүк сулуулук күнү катары белгилөө чечими кабыл алынган. Бул күнү сулуулукка арналган иш-чаралар, анын ичинде ар кандай сулуулар сынактары өткөрүлөт.

Тарыхый маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү алгачкы сулуулар сынагы 1888-жылдын сентябрь айында Бельгияда өткөн.

Сулуулук түшүнүгү бир гана сырткы келбет менен чектелбейт. Адамдын өзгөчөлүгү, өзүнө болгон ишеними жана ички дүйнөсү да сулуулуктун маанилүү бөлүгү катары каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан