Өлкө башчы Садыр Жапаров алты жаранга "Даңк" орденин берүү жарлыгын чыгарды. Маалымтты бүгүн, 9-сентябрда президенттин администрациясы таратты.
- Какиш Боронбаева – "Юкор Строй Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш бөлүмүнүн прорабы.
- Элчибек Жантаев – Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
- Абдишалим Исраилов – "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти.
- Кайыпбек Кадыралиев – Нарын облустук бириккен ооруканасынын врач-кардиологу.
- Кубанычбек Кантороев – Кыргызстан жол тармагынын ардагери.
- Гүлбүбү Курманбекова – Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин табигый илимдер факультетинин деканынын милдеттерин аткаруучу.