Президент Садыр Жапаров "Эрдик" орденин тапшыруу боюнча жарлыкка кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.
Аталган орденди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы Максатбек Бусурманкулов менен ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы Аскарбек Казыбеков алганы айтылат.