
Бүгүн, 9-сентябрда саат 11:54тө Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан маалымдашкандай, жер титирөөнүн очогу Жаман-Тоо тоо кыркасында, Орто-Сырт айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Баетов айылынан 37 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок.