Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир нече адам чыгармачылыктын, агартуучулуктун жогорку наамдарын алышты

Президент Садыр Жапаровдун чыгармачылыктагы, агартуучулуктагы жана дарыгерчиликтеги жогорку сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлыгы чыкты. Президенттин администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анда 8 адамдын аты аталат.

Атантай Акбаровго Кыргыз Эл акыны, Жеңишгүл Өзүбековага Кыргыз Эл жазуучусу, Сатар Айтиевге Кыргыз Эл сүрөтчүсү, ал эми акын Анатай Өмүрканов менен Саламат Садыковага "Кыргызстандын сыймыгы" ардак наамы ыйгарылган.

Ошондой эле Акматали Алимбеков Кыргыз Эл мугалими, Чынара Ажибеделова менен Мамытбек Акылбеков Кыргыз Эл врачы наамдарын алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан