1828-жылы 9-сентябрда дүйнөлүк адабияттын классиги Лев Толстой жарык дүйнөгө келген.
Толстой "Согуш жана тынчтык", "Анна Каренина" сыяктуу чыгармалары менен дүйнөгө таанылган. Бирок анын жашоосунда чыгармачылыгынан тышкары кызыктуу окуялар да көп болгон.
Жаш кезинде жазуучу карта оюнуна кызыгып, бир жолу мүлкүнүн бир бөлүгүн уттуруп жиберген. Кийин дыйкандардын балдары үчүн мектеп ачып, өзү да сабак берген.
Толстой өмүрүнүн акыркы жылдарында жөнөкөй жашоого умтулуп, кара жумуштарды аткарып, вегетариандык жашоону тандаган.
Ал эми 1910-жылы, 82 жашында үйүнөн жашыруун чыгып кетип, көп өтпөй жолдо ооруп каза болгон.