Биз социалдык тармакта

Нью-Йорктун мэри 11-сентябрдагы теракттан кийинки абанын сапаты тууралуу документтерди жарыялайт

Нью-Йорк шаарынын мэри Зохран Мамдани 2001-жылдын 11-сентябрындагы террористтик чабуулдардан кийинки абанын сапаты жана калктын ден соолугуна тийген кесепеттер тууралуу документтерди жарыялоо башталганын кечээ, 8-сентябрда чет элдик басылмаларга билдирди.

Мэрдин айтымында, анын администрациясы соттук талаш-тартыштарды жөнгө салып, тургундардын чабуулдан кийинки абанын сапаты тууралуу маалыматка жетүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөргө чекит койгон.

"Документтер көрсөткөндөй, асбест инспекторлор текшерүү жүргүзгөн дээрлик бардык жерлерден табылган жана алар Нью-Йорк тургундарына зарыл болгон медициналык жардамды алууга жардам берет. Бүгүн жарыяланган 170 миң барак - бул материалдардын биринчи бөлүгү гана",- деди Мамдани.

Ал ошондой эле кийинки 12 айдын ичинде Нью-Йорктун бардык тургундары жеткиликтүү болгон жаңы документтер жарыялана турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан