Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде мышык кожоюнун ээрчип сууга түшкөн мышыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Көпчүлүк мышыктар сууну жана сууга түшүүнү жактыра бербейт. Алардын жүнү суу болгондо денесинин жылуулугун жоготуу коркунучу жогорулап, ошондуктан жаныбарлар инстинктивдүү түрдө суудан качышат.
Бирок видеодогу мышык мындан айырмаланып, көлгө өз каалоосу менен кирип, бир нече мүнөттөрдөн кийин кайра жээке сүзүп чыкканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш социалдык тармактарда колдонуучулардын кызыгуусун жаратты.