Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүндө жол куруу иштери уланууда. Жалпы узундугу 5 чакырым болгон жол эки этап менен курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, жол 6 тилкелүү болуп, туурасы 29 метрди түзөт. Ошондой эле көчөгө тротуарлар курулууда.
Учурда жолдун күн чыгыш тарабындагы 4 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлүп бүттү. Күн батыш тарабында 2 чакырымдан ашык аралыкка асфальт төшөлүп, иштер уланууда.
Жол куруу иштерин толук аяктап, көчөнү октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.