"International Journal of Cancer" журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, өтө ысык суусундуктарды ичүү кызыл өңгөчтүн рак оорусунун рискин жогорулатат.
Басылмада: "Күнүнө алты жана андан көп ысык суусундук ичүү кызыл өңгөчтүн жалпак клеткалуу рагынын тобокелдигин пайда кылат" – деп айтылат.
Ошондой эле, суусундуктардын температурасын төмөндөтүү же аларга сүт кошуу кызыл өңгөчтүн рагын алдын алары белгиленген.
Изилдөө Улуу Британиянын 980 миңге жакын адамдын катышуусунда жүргүзүлгөн.