Биз социалдык тармакта

Кыргызстандан Азия оюндарына 6 боксчу катышат

Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 6 мушкер барат.

Бокс боюнча мелдештер 21-сентябрдан 2-октябрга чейин Япониянын Айти префектурасындагы Нисио шаарындагы өтүп, жалпысынан 11 комплект медаль ойнотулат.

Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу курамга киргизген мушкерлер:

  • 55 килограммга чейин — Зафарбек Камилов;
  • 60 килограммга чейин — Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 70 килограммга чейин — Ихтияр Нишанов;
  • 80 килограммга чейин — Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 90 килограммга чейин — Бакыт Токтосун уулу;
  • 92+ килограмм — Мырзакир Кошалиев.

Ал эми XX Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан