Биз социалдык тармакта

"75чилердин каты": Курманбек Дыйканбаев катка кол койгон себебин түшүндүрдү (видео)

Бүгүн, 10-сентябрда "75чилердин каты" боюнча соттук иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Отурумга келген айыпталуучулардын бири Курманбек Дыйканбаев журналисттерге өз оюн билдирди. Анын айтымында, катка президент Садыр Жапаровду колдоо максатында кол койгон.

"75 адамдын ниети түз болгон. Мен катка Садыр Жапаровду колдоп, кол койгом. Бул үчүн 9 жылга эркинен ажыратуу адилетсиз деп эсептейм. Сот жашыруун өтүп жатат. Биз Конституциялык укугубузду пайдаланып, президентке жана парламентке кайрылганбыз. Мыйзам чегинде баары каралат деп ишенем. Сотко күбө катары 40ка жакын аксакал келип, бизди колдоп беришти. Алардын баары бул катка кол коюу мыйзамдуу болгонун, Садыр Жапаровду колдоо максаты көздөлгөнүн айтышты. Баш аламандык уюштуруу же бийликти басып алуу ниети болгон эмес",- деди Дыйканбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.

"75чилердин каты": Курманбек Дыйканбаев катка кол койгон себебеин түшүндүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан