10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча соттук отурум башталды.
Айыпталуучулардын бири, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев козголгон кылмыш ишинде бир дагы далил жок экенин айтты.
"Чечим мыйзам чегинде каралышы керек. Эми соттун чечимин күтөбүз",- деди ал.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.
Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.