Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедовдун UFC'деги кийинки атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов UFC'деги кийинки беттешин бразилиялык Жозе Делано менен өткөрөт.

Беттеш 8-ноябрга караган түнү Лас-Вегастагы "Meta Apex" аренасында өтө турган UFC Fight Night турнирининин алкагында болот.

Эскерте кетсек, Магомедов UFC'деги дебютун быйыл 21-июнда өткөрүп, армениялык Мелсик Багдасарянды жеңген. Бул жеңиши үчүн кыргызстандык мушкер 100 миң долларлык бонус алган.

Ал эми Делано UFC'деги дебюттук беттешинде мурдагы KSW уюмунун убактылуу чемпиону Роберт Ручаланы калыстардын чечими менен жеңген.

Эскерте кетсек, Магомедов 11 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми Деланонун 17 жеңиши, 3 жеңилүүсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан