Биз социалдык тармакта

"75чилердин каты" боюнча шаардык сотто жарыш сөз өтүүдө

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча ишти кароо уланууда. Бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү өтүп, иш боюнча чечим чыгышы күтүлүүдө.

Жарыш сөзгө УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев чыгары маалымдалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан