Биз социалдык тармакта

Бангладеште кызамык эпидемиясынан 999 адам каза болду 

Бангладеште кызамыктын эң ири эпидемияларынын бири катталып, март айынан бери 999 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Өлкөдө 166 миңден ашык кызамыкка шектелген учур катталып, алардын 19,8 миңге жакыны лабораториялык жактан тастыкталган. 146 миңден ашуун бейтап ооруканага жаткырылган.

Ооруканага түшкөндөрдүн басымдуу бөлүгүн жаш балдар түзүүдө. Эпидемиянын күчөшүнө 2024-2025-жылдары эмдөө иштеринин үзгүлтүккө учурашы себеп болгон.

Кырдаалды өлкөдө денге (чиркей аркылуу жугуучу вирустук инфекция) оорусунун күчөшү да оорлотууда. Натыйжада ооруканаларда орун жана айрым медициналык каражаттар жетишсиз болуп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан