Бүгүн, 10-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды.
Аны дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыкка 9-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Амангелдиев юстиция органдарында активдүү реформаларды улантуунун жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Айылчиевди юстиция министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.