Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Таласта бир катар объекттердин ачылыша катышат

Эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар объекттер ачылат. Бул тууралуу 10-сентябрда Министрлер кабинети билдирди.

Ошол эле маалда онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык объект, 60 ишканананын ишке кириши күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таласта ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык жайларды кыдырып, даярдыгын текшерип чыкты. Ал эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан