Ырчы Филипп Киркоров ата-энеси Бедрос менен Викторияга арнап Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө эстелик тургузду. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасаган.
"Ата-энеме түбөлүк таазим. Силер түбөлүк жүрөгүмдөсүңөр",- деп жазган ал.
Эстеликтин ачылыш аземине Киркоров балдары Мартин жана Алла-Виктория менен келген. Иш-чарага ырчынын кесиптештери жана жакындары, анын ичинде модель Валентина Алексеева да катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Киркоров Валентина Алексееванын дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ага болгон сезимдерин билдирген. Бирок алардын мамилеси тууралуу расмий маалымат жок.