Дүйнөгө атагы чыккан британдык жазуучу Жоан Роулингдин "Гарри Поттер" чыгармасынын негизинде тартылып жаткан жаңы сериалдын расмий трейлери чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жаңы сериал китептин бардык 7 бөлүмүндөгү окуяларды өзүнө камтыйт. Биринчи сезон "Гарри Поттер жана философиялык таш" китебине арналат.
Белгилей кетсек, Гарри Поттер тууралуу биринчи тасма - "Гарри Поттер жана философиялык таш" 2001-жылы жарык көрүп, дүйнө жүзүндө чоң популярдуулукка жеткен. Жалпысынан 2011-жылга чейин 7 китептин негизинде 8 тасма тартылган.
Ал эми жаңы сериалдын биринчи сезону 2026-жылдын 25-декабрында көрсөтүлөрү айтылууда.