Бишкекте айдоочу Жол-кайгуул кызматынын (ЖКК) кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп барып, таштап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-февралда Чүй проспекти менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде катталган. ЖККнын кызматкери унаа токтотууга тыюу салынган жайда токтоп турган Мицубиси-Коризма унаасынын айдоочусуна кайрылган.
Бирок айдоочу аны көз жаздымда калтырып, унааны айдап жөнөгөн. Жыйынтыгында унаанын капотунда сүйрөлүп барып жыгылган кызматкер ооруканага кайрылган.
Бул окуяга катыштыгы бар машина Малдыбаев көчөсүндө кармалган. Учурда анын айдоочусу, 40 жаштагы Бишкектин тургуну камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.