Биз социалдык тармакта

Президент: "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик кызмат даяр"

“Акылман” лицейин бүтүп, жогорку окуу жайдан окуп келгендердин баарын мамлекеттик кызмат күтүп турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышында билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө окуучуларды терең билим алууга, жаңы технологияларды үйрөнүүгө чакырды.

"Акылман" лицейин аяктагандар кайда барып жумушка орношом деп сарсанаа болбогула. Илимди изилдеп, инженердик кызматтарды окуп, мамлекетке жаңы технологияларды таап келишим керек деп ойлонгула. Ушул мектепти, ЖОЖду бүтүп келгендерге бир мүнөт токтобой мамлекеттик кызмат даяр. Кыз болобу, эркек болобу кесибине карабай кызматка алабыз. Бул боюнча тиешелүү мыйзам күчүндө",- деди президент.

«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик кызмат даяр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан