Бүгүн, 11-сентябрда Кочкор-Ата шаарында Жогорку лиганын 2-айлампасынын 23-турунун алкагында “Нефтчи” жана “Азиягол” командалары беттешти.
Оюндун жыйынтыгында “Нефтчи” өз үйүндө атаандашын 3:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, беттешке күйөрмандар көп келип, трибунада орун жетишсиз болуп, оюн өзгөчө атмосферада өттү.