31-августта "Бишкек Аренада" VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында аткарылган бий эл арасында популярдуулукка ээ болуп, дүйнө жүзүнө тарай баштады.
Ачылыш аземинен кийин бийди иш-чарага катышкан жаштар ар кайсы жерлерде аткарып, социалдык тармактарга видеолорун бөлүшө башташкан. Көп өтпөй бий чет өлкөлөргө да тарай баштады.
Эми бул бийди Якутиянын жаштары да аткарып, видеосу менен бөлүшүштү. Алар бийди өзгөчө маанайда аткарып, Көчмөндөр оюндарынын ачылышында жаралган атмосфераны кайрадан тартуулашып, "Кыргызстанга сүйүүбүз чексиз" деп билдирүү калтырышкан.